Воскресенье, 22 сентября

Саламаттык сактоо министрлигине вакцина ташуучу адистештирилген унаалар тапшырылды

0

Бүгүн Бишкекте вакцина ташуучу 16 адистештирилген унааны тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаалар Саламаттык сактоо министрлигине Вакциналар жана иммунизациялоо боюнча глобалдык альянс (ГАВИ) жана ЮНИСЕФ тарабынан Кыргызстанда эмдөөнү күчөтүү аракеттеринин алкагында берилди.

Унаалар көпчүлүк вакциналарды коопсуз ташуу үчүн зарыл болгон чоң муздаткыч камераларды алып жүрүү үчүн ылайктанган. Андан тышкары, вакциналарды күндүн тике тийген нурларынан коргоо үчүн терезелери атайын панелдер менен жабдылган.

Машиналар вакциналарды облустук сактоочу жайлардан райондук кампаларга жеткирүүгө көмөктөшүп, алардын өз убагында элге жеткиликтүү болушун камсыздайт.

Бул Саламаттык сактоо министрлиги ала турган 26 унаанын биринчи бөлүгү. Калган 10 унаа өлкөгө 2024-жылдын июль айынын аягына чейин келет.

Унаалардын жалпы баасы 1,26 млн долларды түзөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз