Воскресенье, 22 сентября

Бишкекте балдар искусство мектебинин курулушу уланууда

0

Бишкек шаарында №9 балдар искусство мектебинин курулушу уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, имарат 3 кабаттуу, жер тилкесинин жалпы аянты 0,512 гектарды, ал эми имараттын аянты 1117,57 чарчы метрди түзөт.

Учурда жер төлөнүн жана биринчи, экинчи кабаттын бетон каркастары бүткөрүлүп, 3-кабаттын колонналарынын бетон куюу жана биринчи кабаттын кирпич дубалын орнотуу иштери жүрүп жатат.

Долбоор боюнча ар бир кабатта архив/китепкана, фортепиано, аккордеон, баян, комуз, кыл кыяк, скрипка, эл аспаптар, музыка тарыхы, руханий аспаптар класстары каралган. Андан сырткары, жылытуу түйүнү, концерттик зал, артисттик зал, жабдуулар кампасы, костюмдар бөлмөсү болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз