Суббота, 21 сентября

Мальдивде өкмөт Израилдин жарандарына өлкөгө кирүүгө тыюу салды

0

Израилдин Газада бир канча айдан бери уланып жаткан кыргынына реакциялар күч алууда.

Мальдивде өкмөт Израилдин паспорттору бар адамдарга өлкөгө кирүүгө тыюу салуу үчүн мыйзамды өзгөртүүнү чечти.

Мальдивдин Президенттик кеңсесинин билдирүүсүнө караганда, Министрлер кеңеши Израилдин паспортунун ээлеринин өлкөгө кирүүсүнө бөгөт коюу үчүн мыйзамды өзгөртүү чечимин чыгарды.

Мыйзамдагы өзгөртүүлөргө мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөө боюнча чакан комитет түзүү да пландалууда.

Мальдивдин президенти Мухаммед Муиззу Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам жана коомдук иштер агенттиги (UNRWA) менен кайрымдуулук акциясын баштоону жана бул темада атайын өкүл дайындоону чечти.

Муиззу ошондой эле Палестинага колдоо көрсөтүү максатында «Мальдив аралдары Палестина менен тилектештикте» деген аталышта улуттук митинг уюштурууга даярданууда.

Израилдин Газадагы кол салууларында 7-октябрдан бери каза болгон палестиналыктардын саны 37 миңге жетти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз