Суббота, 21 сентября

Сузакта Кыргызстандын желегинин өрттөлүшү. УКМК көмүскө диний-экстремисттик түйүндү аныктады

0

Сузак районунда аялдардын көмүскө диний-экстремисттик түйүнү аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 29-майынан 30-майга караган түнү Сузак районунун Бек-Абад айылында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желектерин атайылап өрттөп жок кылуу, кийин аларды арабча жазуусу бар ак тууларга алмаштыруу фактысы катталган.

Ушул жылдын 1-июнунда УКМК менен Ички иштер министрлигинин биргелешкен иш-чараларынын натыйжасында мамлекеттик символикаларды өрттөөнүн уюштуруучулары жана күнөөкөрлөрү аныкталды. Алар Бек-Абад айылынын 19 жана 16 жаштагы тургундары жана «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү болуп чыкты.

Кармалган 19 жаштагы А.К.М. 2005-жылы туулган, 2022-жылы «ХТ» ДЭУнун катарын толуктап, ант берип, 2023-жылдын жаз айларында Бек-Абад айылынын тургундарынын арасынан өз алдынча жаңы жактоочуларды тартуу иштерин жүргүзө баштаган. 2023-жылдын күзүндө 2008-жылы туулган 16 жаштагы А.Н. аттуу жаран анын шериги жана окуучусу болгондугу такталды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз