Четверг, 9 мая

Роберт  Кочарян кайра камакка алынды 

0

Армениянын Апелляциялык соту мурдагы президент Роберт Кочаряндын бөгөт чарасын өзгөртүп, аны камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Еревандагы сот аны 18-майда үй камагына чыгарган. Сотто Тоолуу-Карабактын азыркы жана мурдагы башчылары 2 миң доллар күрөө коюп, тилкат жазып беришкен. 

Роберт Кочарян Арменияны 1998-2008-жылдары башкарган. Ал «конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган, ири суммада пара алган» деп айыпталып жатат. Экс-президент Арменияда нааразылык акциясына чыккандардын кууп таратылышы боюнча күнөөлөнүүдө. Анда кеминде сегиз адам өлгөн. 

Кочарян өзүнө каршы соттук ишти «мыйзамсыздык» жана учурдагы премьер-министр Никол Пашиняндын «саясий куугунтугу» катары мүнөздөгөн. 

Эгерде сот Кочарянды күнөөлүү деп тапса, ал 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз