Суббота, 27 апреля

Элчибиз Анкарадагы этникалык кыргыздар менен жоолугушту

0

2019-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин этникалык кыргыздар жашаган Анкара шаарына караштуу Чубук районуна иш сапары болуп ѳттү.

Сапардын алкагында, Чубук районунун муниципалитет башчысы Баки Демирбаш жана акими Угур Сезер менен маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери, анын ичинде Чубук районунда  жашаган этникалык кыргыздарга жардам кѳрсѳтүү маселеси талкууланды.

Чубук районунда жашаган этникалык кыргыздардын кѳпчүлүк бѳлүгүнүн ата-теги Алайдан болгондугун эске алуу менен, ошондой эле ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, тараптар Кыргыз Республикасынын Ош облусуна караштуу Алай району менен Түркия Республикасынын Анкара шаарына караштуу Чубук районунун ортосунда достук жана боордоштук байланыштарды түзүү максатка ылайыктуулугун белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Чубук районунун кѳчѳсүнѳ же болбосо паркына кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун атын ыйгаруу, ошондой эле «Ата Журт» этнокомплексин куруу үчүн жер тилкесин бѳлүп берүү макулдашылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз