Пятница, 20 сентября

Кыргызстандын үч университети дүйнөлүк рейтингдин тизмесине кирди

0

Кыргызстандын И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Кыргыз-Россия Славян университети жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети QS World University Rankings 2025 тизмесине кирди.

Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашкандай, QS (Quacquarelli Symonds) версиясы боюнча дүйнөнүн 1503 университетинен Кыргыз-Россия Славян университети – 851-900, Кыргыз-Түрк “Манас” университети – 901-950, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети 1201-1400 орунду эледи.

Өзгөчө макамдагы ЖОЖдордун арасынан И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Кыргыз-Россия Славян университети абройлуу Quacquarelli Symonds рейтингине биринчи жолу кирди.

Бул жылы рейтингинде биринчи орунду – АКШдагы Массачусетс технологиялык институти, экинчини – Лондон императордук колледжи, үчүнчүнү – Оксфорд университети ээледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз