Мухаммад Аноркулов муфтийдин орун басары кызматына дайындалды.
Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, тиешелүү буйрукка муфтий Абдулазиз кары Закиров кол койду.
Аноркулов Мухаммад Орунбаевич 1971-жылдын 2-январь күнү Баткен облусунда жарык дүйнөгө келген.
Билими:
- 1978-1989-жж. Ломоносов атындагы орто мектебин аяктаган;
- 1989-1991-жж. Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;
- 1992-1997-жж. Кадамжай районуна караштуу Айдаркен шаарчасындагы «Азирети Али» атындагы диний окуу жайды кызыл диплом менен аяктаган;
- 2014-2019-жж. Бишкек шаарындагы Кыргызстан Ислам университетинин «Араб тили жана шариат» адистиги боюнча билимин жогорулаткан.
Эмгек жолу:
- 1998-1999-жж. Ысык-Көл облусунун мусулмандар казыятында фатва бөлүмүнүн адиси;
- 1999-2004-жж. Ысык-Көл облусунун Чоң Ак-Суу медресесинде мүдүрдүн орун басары;
- 2004-2005-жж. Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары;
- 2005-2009-жж. Каракол шаарынын баш имам-хатиби;
- 2009-2013-жж. Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысынын жана имам-хатибинин орун басары;
- 2013-2014-жж. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Ажылык жана Умра бөлүмүнүн башчысы;
- 2014-2024-жж. Бишкек шаардык казыятына караштуу Октябрь районунун баш имам-хатиби жана борбордук мечиттин имам-хатиби.