Суббота, 27 июля

«Тазалыктын» жумушчусун сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө

0

Бишкекте бүгүн, 8-июндун таңында болжол менен саат 04:40 чамасында Москва жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу жөө адамды — «Тазалыктын» кызматкерин сүзүп кеткен.

Кайгуул милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 1960-жылы туулган жаран Ж.Г. (аял киши) оор абалда ооруканага жеткирилген.

Унаанын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кеткен, мамлекеттик номери белгисиз ак түстөгү Daewoo Nexia унаасы шектелүүдө.

Аталган жол кырсыгы боюнча шаар ичине «Перехват» планы киргизилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз