Суббота, 27 июля

Ала-Бука районунда мамлекеттик дарыкана ачылды

0

Күн мурун Ала-Бука районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Дарыкананын ачылыш аземине Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Каарманбек Байдавлетовдун катышып, жергиликтүү тургундарга сапаттуу жана арзан баада дары-дармектерди сатып алууга шарт түзүлгөнүн белгиледи.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын ноябрь айынан тарта «Эл Аман» мамлекеттик дарыканалары ачыла баштаган. Ушуну менен Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 14 мамлекеттик дарыкана иштеп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз