Кыргыздын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов Түркияда эскерилүүдө.
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы 12-декабрда туулган. Анын жаштыгы согуш жылдарына туш келип, жаштайынан ар түрдүү жумуштарда иштеп турмуштун оор запкысын тарткан. Ал өзүнүн чыгармаларында булардын бардыгына токтолуп, адамзатка гумандуу жашоо үчүн чакырыктарды таштаган.
Айтматов Түркияда,түрк дүйнөсүндө жана ошондой эле бүкүл дүйнөдө гумандуулугу менен эскерилүүдө.
Өмүр баяны
Атасы Төрөкул Айтматов адегенде 1927-жылдан тартып, 1932-жылга чейин большевиктер партиясынын Жалал-Абад кантонунун биринчи катчысы, андан соң Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Андан соң Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден «пантүркист» катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон.
Апасы Нагима Хамзеевна Айтматова — теги боюнча татар. Чыңгыздын таятасы Хамза — караколдук бай жана айдың татар соодагери болгон. Азыр да Каракол шаарында Хамзанын эки кабат үйү сакталып турат. Нагима жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон.
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы 12-декабрда туулган. Анын жаштыгы согуш жылдарына туш келип, жаштайынан ар түрдүү жумуштарда иштеп турмуштун оор запкысын тарткан.
1935-жылы Москвада 1-класска барган. Орус тилин ушул мектепте окуп жүргөн кезинде өздөштүргөн. Атасы Төрөкул Айтматов 1937-жылы декабрда жазыксыз камалып, апасы Нагима менен Шекерге кайтып келген. Чоң апасы Айымкан нечен түрдүү жомокторду, Манас эпосун айтып берип чоңойткон.
Согуш жылдарында Шекер айылында айылдык Кеңештин катчысы болуп иштеген.
Айтматов, 1946-жылы Жамбыл шаарындагы Зооветеринардык техникумду, 1953-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн, 1956-1958-жж. Москвадагы Жогорку адабият курсунун угуучусу болгон.
14 жашар кезинде иштей баштаган
1942-жылы II Дүйнөлүк согуштун кесепетинен Чыңгыз Айтматовго мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Айтматов 14 жашта эле. Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт.
Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук салык чогултуучу болуп иштейт. Айыл калкынан салык чогултат. Бирок согуш маалында ага салык чогултуу оңойго турган жок. Бир жылдан кийин, 1944-жылы август айында бул ишин өз эрки менен таштайт да, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт.
1946-жылы, сегизинчи классты аяктагандан кийин Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт.
1948-жылы техникумду мыкты аяктап бүтүргөндөн кийин Кыргыз айыл-чарба институтуна окууга кирет. Аны дагы 1953-жылы мыкты аяктайт.
1959–1965-жж. орусча «Литературный Кыргызстан» журналынын баш редактору болгон.
«Правда» гезитинин кабарчысы да болуп иштеген.
1988–1990-жж. Москвада чыгуучу «Иностранная литература» журналынын баш редактору болгон.
Коомдук иштерди да аткарган.
1964–1986-жж. Кыргызстан Кинематографисттер Биримдигинин Биринчи катчысы болгон.
Чыгармалары туралуу
Ак Жаан-бул аңгеме Ч. Айтматовдун адабият дүйнөсүнө жаңыдан аяк салып, өз жолун, өз темасын издеп жүргөн жылдардагы алгачкы аңгемелеринен. Буга чейин орусча «Кыргызстан» альманахына эки аңгемеси: «Газетчик Дзюйо» жана «Ашым» 1952-жылы жарыяланган.
«Ак жаан» адегенде «Советтик Кыргызстан» журналына (азыркы «Ала-Тоо» журналы) 1955-жылкы сегизинчи санына басылган. Туура беш жыл өткөндөн кийин Айтматовдун алгачкы кыргызча китеби «Обонго», андан кийин «Саманчы жолу» жыйнагына кирген.
Ч. Айтматовдун атын алгач алыска тааныткан повести “Жамийла» болгон (1958). Повестти өз эне тилине которгон белгилүү француз жазуучусу Луи Арагон аны «махабат тууралуу эң сонун баян” деп баалаган.
Кылымдын залкар жазуучусунун «Бетме-бет», «Биринчи мугалим», «Гүлсарат», «Саманчынын жолу», «Кызыл алма» «Атадан калган туяк» «Ак Кеме», «Фудзиямадагы кадыр түн», «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт», «Манас атанын ак кар, көк музу», «Кылым карытар бир күн», «Кыямат», «Касандранын эн тамгасы» «Тоолор кулаганда» чыгармалары жарыяланган.
Жазуучунун философиялык-этикалык бийик ой жүгүртүүсү менен жазылган «Кыямат» романында жана «Гүлсарат» повестинде, адамдык ажайып сапаттар жаныбарлар аркылуу ачылып берилген. Пенделик жазмышы ашкереленген. Чыгармалардын чегинде жаныбарлар аркылуу көркөм дүйнөгө карата коомдук түшүнүк, көз караш аныкталган.
Соңку өмүрү
Улуу жазуучу 1963-жылы Лениндик сыйлыкты алган. Өз кезегинде, СССР Жогорку советинин депутаты болуп шайланган. СССР президенти Горбачевдин кеңешчиси болуп иштеген. 1991-жылдан элчилик кызматта болгон.
2008-жылы 16-майда Татарстанда сапарда жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей калганына байланыштуу жазуучуну Германиянын Нюрнберг шаарынын ооруканаларынын бирине жеткиришет. Ал жакта 2008-жылдын 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинен жазуучу көз жумган.
Сыйлыктары
Чыгармалары 176 тилге которулган Айтматов, Кыргыз эл жазуучусу (1968), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1979), КРУИАсынын анык мүчөсү (1974). Соц. Эмгек Баатыры (1978), Лениндик (1963) жана СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1968, 1977, 1983), Джавахарлал Нехру (Индия, 1985), Бүткүл дүйнөлүк Илим жана искусство академиясынын академиги (Стокгольм, 1987), Япониядагы Чыгыш Философия Институтунун академиги (1988), Австрия, Австралия, Америка, Индия, Италия, Түркия, Япония ж. б. өлкөлөрдүн эл аралык сыйлыктарынын лауреаты. Кыргыз Республикасынын Эл баатыры (1997) наамын алган.
Түрк дүйнөсүнүн уулу
Түрк дүйнөсү жазуучунун чыгармачылыгына өзгөчө мамиле кылышат.
Айтматовдун 90 жылдыгына карата ТүркСОЙ уюму 2018-жылды «Айтматов жылы» деп белгилеп, мунун расмий ачылышы Анкарада 18-19-апрелде болду. Жыйынтык күнү деп 2019-жылдын 19-22-апрели белгиленди. Ушуга карата 2018-жылдын жаз айларында Болу, Кастамону университеттеринде илимий-тажрыйбалык жыйындар өттү. Мектептерде, лицейлерде «Айтматовдук окуулар» уюштурулду.
Дүйнөлүк адабиятка «маңкурт» терминин киргизген
Манкурт – тарыхый эс-тутумун, адеп-ахлактык, руханий баалуулуктарын жана багыттарын, ошондой эле өз эли менен болгон байланышын жоготкон адам. Термин Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романында киргизилген. Манкурт кара курсак менен кызыл кекиртектин керектүүлөрүн канааттандыруу максатында, болор-болбос акча үчүн өз маданиятынан баш тартат же аны унутат да, башка маданиятынын өзүнө жат, чоочун элементтерин толук өздөштүрөт. Тилекке каршы, аны Батыш да, Чыгыш да маданияты кабыл албай, ал түрткүнчүккө айланат.
Жарык көргөн китептери
«Обон»: Повесть жана аңгемелер. «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу»: «Атадан калган туяк», «Түнкү сугат», «Жамийла», «Биринчи мугалим», «Гүлсарат», «Делбирим», «Эрте келген турналар», «Бугу-эне: Жомок», «Ак кеме», «Биз дүйнөнү жаратабыз, дүйнө бизди жаратат: Макалалар, маектешүүлөр, сүйлөгөн сөздөр», «Кыямат», «Кайрылып куштар келгенче», «Кылым карытаар бир күн», «Кассандра тамгасы», «Тоолор кулаганда».
Ысык-Көл форуму
Ысык-Көл форуму Кыргыз эл жазуучусу Ч. Айтматовдун демилгеси менен 1986-ж. октябрда уюшулган. Форумда жер шарынын азыркы абалы жана келечеги жөнүндө ой-толгоолор ортого салынган. Ысык-Көл форумунун президенттигине Ч. Айтматов шайланган.
Эл аралык IV Ысык-Көл форуму бул жылы эки баскыч менен өттү. IV Ысык- Көл форумунун 1-баскычы 11-13-декабрь 2020-жылы Бишкек шаарында өтүп, ага Ч. Айтматовдун туугандары, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, Кыргызстандагы бир катар жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана Түркиядан келген коноктор катышкан.
Форумдун 2-баскычы Анкара шаарында өтүп, ага белгилүү академиктер, саясий жана коомдук ишмерлер чакырылды.
9-июнда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана түрк президенти Режеп Таййип Эрдоган Анкарада өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV Эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземине катышты. Анда лидерлер сөз сүйлөп, Жапаров Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу, адабий мурасы, айткан акыл сөзү, даанышман ойлору терең изилдөөнү талап кылган эбегейсиз руханий байлык экенин баса белгиледи.
Залкардын жаркын элеси «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде эскерилди
Улуу жазуучунун жаркын элесин эскерүү аземи Бишкек шаарындагы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде өттү. Жазуучуну эскерүүгө Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери, кесиптештери, Чыңгыз Айтматовдун туугандары, достору жана чыгармачылыгына таазим эткендер келишип залкардын бейитине гүл койду.
Жазуучунун бир тууган карындашы Роза Айтматова келгендерге ыраазычылык билдирди.
Ал Анадолу Агенттигине берген маегинде Ата-Бейитке келген сайын атасы Төрөкул жана агасы Чыңгыз менен болгон унутулгус күндөрү көз алдына тартылаарын айтты.
Элазыгда Айтматов паркы ачылды
2023-жылы Түркиянын Элазыг шаарындагы «Чынгыз Айтматов» атындагы паркка Чынгыз Айтматовго арналган эстелик тургузулду.
Ал эми 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Азербайжанга сапары учурунда Азербайжанда Айтматовдун эстелик бюсту ачылды.
Айтматовдун аты Түркияда бир топ мекемелерге, көчөлөргө, парктарга, мектептерге коюлуп, анын чыгармалары китепканаларда түрк илинде басмадан чыгып, ар дайым окулуп келет.