Суббота, 27 июля

Орусиянын Су-34 согуштук учагы кулады

0

Орусияда Су-34 согуштук учагы кулап эки учкуч набыт болду.

Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Түндүк Осетия — Алания Республикасынын тоолуу аймагында Орусиянын Аба жана Космос күчтөрүнө таандык Су-34 согуштук учагынын пландалган машыгуу учуусу учурунда ээн жерге кулап түшкөнү белгиленди.

Билдирүүдө учактын эки учкучунун тең каза тапкандыгы маалымдалды.

Алгачкы аныктоолорго караганда учактын техникалык мүчүлүштүктөн улам кулаганы айтылган билдирүүдө, окуя болгон жерге Коргоо министрлигинин делегациясынын жөнөтүлгөнү кабарланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз