Суббота, 4 мая

Арыстагы туракжайлардын 80-90%ы жабыркады

0

Казакстандын ички иштер министрлигинин өзгөчө кырдаал боюнча комитетинин төрагасы аскердик кампадагы жарылуудан ички түзүмдөрүн көбү зыянга учураганын билдирди.

 Казакстандын ички иштер министрлигинин өзгөчө кырдаал боюнча комитетинин төрагасы Владимир Беккер Арыс аймагындагы кырдаал боюнча билдирүү жасады.
“Аталган аймакта 24 граната жана 104 даана коркунучтуу гранаталардын бөлүктөрү табылды жана алар табылган жеринде же коопсуз жерлерге алып барылып зыянсыздандырылат”, — деди Владимир Беккер.
Ошондой эле ал, аймакта жалпысынан 7600 имарат бар экенин жана алгачкы берилген маалыматтарга караганда, алардын 80-90 пайызы ар кандай деңгээлде зыянга учураганын билдирди.
Анын айтымына караганда, жарылуудан келтирилген зыяндар жакын арада атайын комиссия тарабынан эсептелет.
Владимир Беккер аймактын айрым тургундары үйлөрүнө кайтып барууга аракет кылып жаткандарын, шаарда жарылбай калган гранаталар болгондуктан, өтө кооптуу экенин айтып, тургундардан аймакка кайтып баруудан баш тартууларын өтүндү.
Эскерте кетсек, 24-июнда Арыс шаарындагы аскердик кампада жарылуу болуп, анын натыйжасында 165 киши жаракат алды жана 2 адам каза тапты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз