Суббота, 18 мая

Бишкекке Оштон ОМОН кызматкерлери келгенби?

0

КР УКМК айрым социалдык тармактарда УКМК Ош шаардык башкармалыгынан куралчан атайын кызматкерлери Бишкек шаарына келди деген маалыматтар чындыкка дал келбейт деп расмий түрдө билдирет.

Бүгүнкү күндө УКМК тарабынан атайын күчтөрү катышкан кандайдыр бир ыкчам операциялар жүргүзүлгөн жок.

УКМК мындай маалыматты “фейк” жана мамлекеттеги коомдук-саясый абалды чыңоо максатында жүрүп жаткан аракеттер деп эсептейт.

Буга байланыштууУКМК тарабынан бул маалыматтарды жайылтууга катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп жатат.

Ошондой эле, эскерте кетсек жалган маалыматтарды тараткандыгы үчүн жарандар КР мыйзамына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз