Воскресенье, 23 июня

Боор алмаштыруу операциясы жасалган бейтаптардын абалы туруктуу

0

Бишкекте бүгүн, 15-июнга карата боор алмаштыруу операциясы жасалган бейтаптардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Дарыгерлердин маалыматына ылайык, жакшы жылыштар байкалууда, бейтаптарда өт бөлүп чыгаруу процесси иштей баштады. Бардык дары-дармектер жетиштүү.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда күн сайын кенешме өткөрүлүп, ал эми түрк дарыгерлери менен онлайн кенешме өтүп жатат.

Донорлордун абалы дагы туруктуу жана эч кандай даттануулары жок.

Белгилей кетсек, 10-11-июнда Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы жасалды. Операция Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасында жасалып, ага кыргызстандык жана түркиялык дарыгерлер катышты.

Операцияга кеткен чыгымдардын баары Кыргызстандын президентинин фондунан каржыланды. Алгач операцияны өткөрүү үчүн ооруканага керектүү каражаттарды жана жабдууларды сатып алууга президенттин фондунан 1 млн доллар бөлүнгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз