Понедельник, 24 июня

Кызамыкка каршы кошумча эмдөө кампаниясынын жаңы этабы башталды

0

Кыргызстанда кызамыкка каршы кошумча эмдөө кампаниясынын жаңы этабы башталды.

Саламаттык сактоо министрлигинен биилдиришкендей, кампания 10-июндан тарта Талас жана Ысык-Көл облустарында башталган. 13-июнда Баткен жана Нарын облустарында кошумча эмдөө иштери башталды.

Акциянын үч күнүндө Ысык-Көл жана Талас облустарында 24 991 бала эмдөөдөн өттү, бул максаттуу топтун 35%ын түзөт.

Эмдөө кызамыкка каршы вакцина менен жүргүзүлөт жана экинчи этап үчүн каражат Кызамык жана кызылча менен күрөшүү демилгесинин алкагында түзүлгөн Эпидемияга жооп кайтаруу фонду тарабынан бөлүнгөн.

Ай сайын кызамык оорусунун жаңы учурлары азайганына карабастан, вирус дагы эле активдүү. Балдардын жана чоңдордун арасында кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуулардын көптүгү оорунун негизги себеби болуп калууда.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2024-жылдын 3-июнуна карата өлкөдө кызамык менен ооруган 10 798 учур катталган.

Аймактар боюнча бөлүштүрө келгенде, Бишкек шаары боюнча 3 825, Ош шаарында 692, Ош облусунда 1 542, Баткен облусунда 365, Чүй облусунда 2 609, Жалал-Абад облусунда 1 323, Ысык-Көл облусунда 186, Талас облусунда 127 жана Нарын облусунда 129 учур катталды.

Кызамык менен ооругандарды жаш курагына карап бөлүштүргөн талдоо балдар арасында вирус дагы деле тамыр жайып жатканын көрсөтүүдө: 1-4 жаш курактагылар арасында 3 894 учур (36%), 1 жашка толо элек балдардын арасында 3 373 учур (31%), 5тен 9 жашка чейинкилер арасында 1 731 учур (16%) аныкталды.

Эскерте кетсек, пландуу жана кайра эмдөөнүн жүрүшүндө кызамыкка каршы вакцинанын 2 дозасын тең алган балдарды кошпогондо, эмдөөдөн 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы бардык балдар өтүүгө тийиш.

Эмдөөнү ҮМБ/ҮДТ/ФАПтарда жана көчмө эмдөө бригадаларынын пункттарынан акысыз алса болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз