Фидан: Орусия-Украина согушу башка аймактарга да жайылышы мүмкүн

0

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Орусия-Украина согушунан улам келип чыккан трагедиянын күндөн-күнгө күчөп баратканын жана географиялык жактан жайылуу коркунучу бар экенин айтты.

Министр Фидан Швейцариянын кожоюндугунда  Нидвалден кантонуна караштуу Бургенсток шаарында кечээ өткөрүлгөн Украина Тынчтык саммитинде сөз сүйлөдү.

Европанын ортосунда 2 жылдан ашуун убакыттан бери кыйратуучу согуштун жүрүп жатканын эске салган Фидан каза болгон жана жаралангандардын саны 500 миңден ашканын, согуштун кыйратуучу согушка айланганын белгиледи.

Фидан: «Бүгүнкү конференция көпүрөдөн мурдагы акыркы чыгуу жери болушу мүмкүн»,- деди.

Түркиянын бул маселенин адилеттүү жана туруктуу чечилиши үчүн эл аралык аракеттерди толугу менен колдогонун баса белгилеген Фидан, Түркиянын согушту дипломатия жана сүйлөшүү жолу менен мүмкүн болушунча эртерээк токтотууну жактаганын билдирди.

Фидан Түркиянын согуш башталгандан бери дипломатиялык аракеттерге активдүү катышканын баса белгилеп: «2022 — жылдын март айындагы Стамбул сүйлөшүүлөрү жана Кара деңиз дан демилгеси дипломатиянын жана сүйлөшүүлөрдүн алдыга жыла алышынын  маанилүү белгилери. Түркия ар дайымкыдай эле процессти жеңилдетүүгө даяр», — деди.

Түркиянын тынчтык үчүн аракетин уланта турганын белгилеген Фидан сөзүн төмөнкүчө  улантты: «Түркия Украинанын жеринин бүтүндүгү, эгемендүүлүгү жана көз карандысыздыгы үчүн чечкиндүү колдоосун улантууда. Биздин тынчтык көз карашыбыз реалдуу, ар тараптуу. Бул максатта келечекке багытталган жол картасын түзүүгө чечкиндүүбүз. Президент Эрдоган да белгилегендей «Адилеттүү тынчтыкты жактаган жоготпойт».

Бир тараптан министр Фидан саммиттин негизинде Ирактын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Фуад  Хүсейин менен да жолугушту.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз