Ноокенде сел жүрдү

0

Кечээ кечки саат 17:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында жана Момбеков айылында сел кырсыгы катталды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ошондрой эле сел суулары Ош — Бишкек унаа жолун жана бир катар турак жайларды каптаган.

Абалды жөнгө салуу жана кесепеттерин жоюу иштерин президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев көзөмөлгө алып, тийиштүү аракеттер көрүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз