Воскресенье, 29 сентября

Жефф Монсон мусулман болду (Видео)

0

Белгилүү аралаш мушташ чебери Жефф Монсон Курман айт майрамына карата Москвада өткөн иш-чарада расмий түрдө мусулман болду.

Ал Палестина эли менен тилектеш экенин да жарыялады:

“Мен исламды аң-сезимдүү түрдө кабыл алам. Мен бул жөнүндө көпкө ойлонуп, бир топ ой калчадым. Бирок бул кадамым туура деп эсептейм. «Мен бир туугандарым менен бирге болгум келет» — деди Монсон.

Азыркы учурда Орусияда жашап жаткан Монсон ММАнын алкагында 87 беттешке катышып, 60 жеңишке жетип, 26 жолу жеңилүү ызасын тарткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз