Воскресенье, 29 сентября

Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

0

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 08:13тө катталган.

Жер титирөөнүн очогу Ак-Суу районунун Эчкили-Таш айылынан түштүк-чыгышка карай 25 чакырым, Түп районунун Кең-Суу айылынан түштүк-чыгышка карай 32 чакырым, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 103 чакырым аралыкта жайгашкан.

Калктуу аймактарында жердин силкинүүсү сезилген эмес.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз