Кыргызстанда бир суткада 38 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Бишкек шаарында – 6;
- Ош шаарында – 6;
- Ош облусунда – 5;
- Чүй облусунда – 10;
- Жалал-Абад облусунда – 5;
- Ысык-Көл облусунда – 2;
- Талас облусунда – 1;
- Баткен облусунда – 3.
Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 44 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.