Пятница, 22 ноября

Атамбаев: Тапанчам бар, өзүмдү өзүм коргоп атышам

0

Менде сыйлыкка берилген тапанчам бар жана өзүмдү-өзүм атып салам.

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев эгер өзүн кармаганы келишсе, өзүн-өзү атып саларын айтты. Бул тууралуу ал  журналисттер жана өзүнүн тарапкерлери менен пресс конференциядан кийин жолуккан учурда айтты. 

Белгилей кетүүчү жагдай, 27-июнда Жогорку Кеңеш күн тартибине парламенттин “Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу тууралуу” токтомунун долбоорун күн тартибине киргизген. 

Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу үчүн 103 депутат добуш беришти. Ал эми алтоосу каршы болуп, жалпы 110 депутат катышты.  Макамынан ажыратууга каршы Атамбаевдин жакын шакирттери добуш беришти. Алардын баардыгы КСДП партиясынын депутаттары: Анвар Артыков, Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Мурадил Мадеминов, Карамат Орозова, Альфия Самигуллина.

Андан соң Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнүн короосунда жайгашкан аймакта пресс-конференция болду. Маалымат жыйынына депутаттар, адокаты Сергей Слесарев жана КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү  Фарид Ниязов катышты. 

Экс-президент өзү пресс-конференцияга катышкан жок. Бирок маалымат жыйыны аяктаган соң ал өзү короого чыгып, журналисттер жана санаалаштары менен жолукту. 

«Өзүмдү-өзүм атам»

«Менде сыйлыкка берилген тапанчам бар жана эгер мени кармаганы келишсе, өзүмдү-өзүм атып салам. Мен мындай деп мени кармоо үчүн келе турган балдарга айтып жатам. Себеби алар мыйзамсыз буйрукту аткарышат «, — деди экс-президент.

Андан соң кайрадан өзүнүн байлыктары тууралуу айтып берди. Экс-президенттин айтуусунда, Бакиевдер Сооронбай Жээнбеков жасап жаткан иштерге кубанып турушат. 

Атамбаев ошондой эле өзүн экс-президент макамынан ажыраткан парламенттин чечимине түшүндүрмө берди. Ал кылмыш иши козголсо, суракка барбай тургандыгын да айтты. 

«Менин адвокатым бар. Эгер прокуратурада суроо жаралса, биз кат жүзүндө жооп беребиз. Менин дарегиме айтылган баардык айыптоолор карандай калп. Тергөө кандай өтүп жаткандыгын баардыгыбыз көрүп турбайбызбы. Мусакеев менен Матраимовду салыштырып көргүлөчү, ал жакта асман менен жердей айырма бар» — деди Атамбаев.

Экс-президенттин айтуусунда, өлкө бир жылдан ашык убакыт мурда укуктук талаадан чыгып кеткен.  

«Бул бийлик өздөрүнүн гана адамдарын коргогонду билет, ал эми жакпагандар – камалат. Ар кандай шылтоо менен «, — деди ал.

Журналисттер менен сүйлөшүүнүн соңунда өлкөдөн чыкпай тургандыгын билдирди. Ал Конституциялык соттун чечиминен кийин күзөт алынарын кошумчалады.  

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз