Суббота, 23 ноября

Чыгыш Казакстанда 12 вагон релстен чыгып кетти

0

Чыгыш Казакстандын темир жолунун Актогай – Аягоз участкасында 12 вагон релстен чыгып кеткендигин  Today.kz жазды.

Окуя 27-июнда болгон. «КТЖ-Жүк ташуунун» пресс кызматынын маалыматында, жабыркагандар жана каза болгондор жок. Азыр адистердин күчү менен Актогая жана Аягоздо кырсыктын кесепеттерин ордуна келтирүү иштери жүрүп жатат.  

Авариянын натыйжасында төмөндөгү алты жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддер аргасыз токтотулду:  

  • № 301 Новосибирск – Алматы;
  • № 351 Оскемен – Алматы;
  • №311 Семей – Нур-Султан;
  • №459 Оскемен – Достык;
  • №32 Алматы – Павлодар;
  • №22 Кызылорда — Семей.

Вагондордун релстен чыгып кетүүсүнүн себебин аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлдү. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз