Пятница, 5 июля

Кадамжайда 375 орундуу мектепти куруу иштери кызууда

0

Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылындагы 375 орундуу мектептин курулушу уланууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектеп курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, 2022-жылы башталган. Билим берүү уюму эки кабаттан туруп, спорттук зал дагы каралган.

«Учурда курулуш иштеринин 58 пайыздык жумушу аткарылып, жылытуу системасын, имараттын сырткы фасадын жасоо иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз