Воскресенье, 6 октября

Президент Жапаров Шушага барды

0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 5-июлда, Азербайжан иш сапарынын алкагында «Шуша» жаңы турак жай комплексине барды.

Объекттин курулушу 8 гектар жер аянтында жүргүзүлүп, көчүп келгендерге арналган 23 имараттан турат.

Андан соң Садыр Жапаров Түрк мамлекеттеринин уюмунун катышуучу-өлкөлөрүнүн лидерлери менен биргеликте Шуша шаарынын курулуп жаткан борбордук мечитин, ошондой эле шаардын тарыхый көрүнүшүн калыбына келтирүү максатында имараттар жергиликтүү архитектуралык стилде салынып жаткан калаанын борборундагы жаңы кварталды көрүп чыкты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз