Венесуэланын президенти өлкөдөгү төңкөрүш аракетинин ооздукталышы тууралуу айтып берди.
Венесуэлада 23-24-июнда аскердик төңкөрүш аракетин жасоону уюштургандар аныкталып, камакка алынгандыгын Венесуэланын президенти Николас Мадура айтты.
«Биз венесуэлалык элге жана демократияга чабуул жасоо аракетин көргөн террорчулар тобун аныктадык жана кармадык. Күнөөлүүлөр 14 ай алардын артынан аңдуудан кийин кармалышты. Алар азыр темир тордун артында»,- деди мамлекет башчы, кылмышкерлерди АКШ жана Колумбия каржылагандыгын кошумчалап.
Мадуронун айтуусунда, путчисттердин катарында израилдиктер да болгон.
Төңкөрүш аракетинин катышуучулары бир гана мыйзамдуу президенттин өмүрүнө кол салууну көздөбөстөн, биздин мамлекеттин инфраструктурасына зыян келтирүүнү да пландаштырышкан деди мамлекет башчы.
Мадуро төңкөрүш аракетине тиешеси барларды фашисттер деп атады. «Адам өлтүргүчтөр кан төгүп бийликке келүүнү каалашат. Бул саясатпы? Аларды оппозициячы деп айта албаймын, себеби адам өлтүрүүнү, бомбалоону каалагандарды адам өлтүргүчтөр, фашисттер жана террорчулар деп гана айтууга болот»,- деп кошумчалады Мадуро.