Суббота, 23 ноября

Эфиопияда 100дөн ашык оппозициячыл саясатчы камалды

0

Өткөн жумада өлкөдө төңкөрүш аракети жасалды.

Эфиопия бийлиги Улуттук-демократиялык “Амхара” кыймылынын 100дөн ашык мүчөлөрүн камагандыгын партиянын өкүлү Кристиан Таделе билдирди.

Анын айтуусунда, камакка алуулар өлкөнүн борбору Аддис-Абебада жана  Оромия провинциясында болду.

«Өкмөт жакында провинцияда болгон окуяларды тазалоо үчүн шылтоо катары колдонууда», — деди Таделе.

Кыймылдын өкүлү “Амхара” Эфиопияда өткөн жумада мамлекеттик төңкөрүш аракетин айыптагандыгын эске салды жана адамдардын каза болгондугу үчүн алардын жакындарына көңүл айтты. 

Улуттук-демократиялык “Амхара” кыймылы өлкөнүн төрттөн бир бөлүгүн түзгөн этникалык топтун арасында улам кадыр-баркка ээ болууда.  

Эфиопиядагы өткөн жуманын соңундагы төңкөрүш аракети учурунда башкы штабдын жетекчиси Сеаре Меконнен жана Амхара провинциясынын губернатору Амбачев Меконнен каза болгон.

Меконнен төңкөрүш аракети башталгандан бир нече саат өтүп жансакчылары тарабынан Аддис-Абебадагы өзүнүн үйүндө өлтүрүлгөн. Мындан тышкары башаламандык учурунда Амхара провинциясынын губернатору жана анын бир катар жакындары каза болушкан. 

Төңкөрүш аракети ооздукталган. 

Амхара провинциясынын администрациясын басып алуу аракетин жетектеген Эфиопиянын Коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Асаминью Тсиге өлкөдөн качууга камданып жатканда өлтүрүлгөн. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз