Воскресенье, 6 октября

Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга 9 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

0

 Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга 9 млн сом насыя берилди. Бул тууралуу Фианансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында «Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2» долбоору ишке ашырылууда. Белгиленгендей, насыялоонун көлөмү 1 млрд сомду түзөт.

«2024-жылдын 4-июлуна карата бул долбоордун алкагында республиканын 66 каржылоо субъекттерине 9,05 млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген», — деп айтылат маалыматта

Эскерте кетсек, жеңилдетилген насыя «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» ААК ктарабынан берилүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз