Понедельник, 7 октября

Бүгүндөн баштап Бишкекте №25 жана №175 автобустар каттай баштайт

0

Бүгүн, 10-июлдан тарта Бишкек шаарында №25, жана №175 муниципалдык автобус каттамдары иштеп баштайт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, №25 муниципалдык автобустун акыркы аялдамасы «Ала-Тоо» жана «Кара-Жыгач» конуштарында жайгашат. Күн сайын 22 автобус каттамга чыгат. Орточо аралык 10 мүнөттү түзөт.

Ал эми №175 муниципалдык автобустун акыркы аялдамасы шаардын жогорку бөлүгүндөгү «Жаштар кварталында» жана «Маевка» айылында жайгашат. Күн сайын 20 автобус каттамга чыгат. Орточо аралык 10 мүнөттү түзөт.

Белгилей кетсек, аталган автобус каттамдары шаардыктардын кайрылууларынын негизинде киргизилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз