Понедельник, 7 октября

Жылдын башынан бери Баткен облусуна 241,3 млн сом бөлүнгөн

0

Баткен облусу боюнча 2024-жылдын 6 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 240,3 млн сом өлчөмүндө каржыланды.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • теңдөөчү трансферт – 169,3 млн сом;
  • айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 26 млн сом;
  • электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 35,9 млн сом;

Мындан тышкары, Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдардыкаржылоого республикалык бюджеттен — 9,1 млн сом бөлүнүп берилди.

Ошондой эле 2024-жылдын 5-февралында №34-р тескемесине ылайык, 1 млн сом каржыланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз