Вторник, 8 октября

Кара-Кулжада 275 орундуу мектептин имаратын куруу иштери кызууда

0

Кара-Кулжа районунун Кайын-Талаа айылында жайгашкан К.Мамаев атындагы мектептин курулушу уланууда. Курулуш иштери Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан жүргүзүлүүдө.

Ведомстводон маалымдашкандай, бүгүнкү күндө курулуш иштери 70 пайызга аткарылды. Долбоордо заманбап шарттары менен 275 окуучуга ылайыкталган, 2 кабаттуу окуу корпус, өтмө галерия жана спорттук залы куруу каралган.

Мектептин курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланууда.

Белгилей кетсек, эски мектеп 1964-жылы ашар жолу менен салынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз