Вторник, 8 октября

«Кыргызфильм» жабдууларын жаңылады

0

Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» Улуттук киностудиясы кино тартуучу заманбап жабдууларды сатып алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Күн мурун «Кыргызфильм» киностудиясы кино ишмерлерине кино тартууга алынган акыркы үлгүдөгү жабдуулар көрсөтүлдү. Анда жарык берүүчү жабдуулар менен лампалар, тасманы көзөмөлдөө үчүн заманбап сыналгы, түстү түзөтүүчү панель, монтаждык станция, кинообъектив, штатив жана башка бардык шаймандар бар.

Белгиленгендей, аталган жабдуулар мамлекеттин каржылык колдоосу менен жалпы 56 млн сомдон ашык суммага сатып алынды.

Кино – бүгүнкү күндө көптөгөн өлкөлөрдүн маданиятында басымдуу орунду ээлеп келет. Андыктан алынган жаңы техникалар киностудиянын чыгарган продукцияларынын сапатын жакшыртып, кино жана сериалдарды тартууда ата мекендик киноиндустриянын өнүгүшүнө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз