Вторник, 17 сентября

Оштогу сел: Кара-Суу районунда селдин кесепеттерин жоюуга 230 куткаруучу тартылды

0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, алар Кара-Суу районунун Датка, Манас, Мады, Беш-Булак айыл өкмөттөрүнө 5 бөлүккө бөлүнүштү.

Таң эрте куткаруучулар кол каражаттары жана 21 даана мотопомпанын жардамында сел сууларды тазалап, сел калдыктарын коопсуз жайга чыгарышууда.

“Жеринде райондук Жарандык коргонуу кызматтары жана ыктыярдуу элдик кошуун тартылып, жергиликтүү тургундарга тиешелүү жардамдар берилип жатат. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов райондогу калыбына келтирүү жумуштарын жеринде көзөмөлгө алууда”, — деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз