Пятница, 20 сентября

Эл аралык террордук уюмдун жактоочусу кармалды

0

УКМК тарабынан эл аралык террордук уюмдун идеологиясын активдүү жайылткан, экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү материалдарды тараткан А.П.И. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды.

Таркатылып жаткан фото-видео материалдарда «Эл алдында террористтик ишти жүзөгө ашырууга чакыруу», «Халифатты орнотуу аркылуу конституциялык түзүлүштү кулатуу» белгилери камтылган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында А.П.И. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 97-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз