Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 18-июлунан тарта Чүй проспектисинде жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталат.
Капиталдык оңдоонун биринчи этабында Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралыгы жабылат.