Понедельник, 20 мая

АКШ Иран менен тирешүүнү жеке кызыкчылыгына пайдаланууда

0

Трамп биринчи кезекте АКШнын экономикалык кызыкчылыгы үчүн тынчсызданууда.

АКШнын президенти  Дональд Трамп күн сайын Иран жана башка өлкөлөргө кысым көрсөтүүнү күчөтүүд, бирок ошол эле учурда алдына дүйнөлүк экономикалык кризисти күчөтүп жаткандыгы тууралуу ойлонгон жок. Бул тууралуу Ирандын Илимий-изилдөө борборунун (İRAM) ички саясат чөйрөсүнүн координатору Мехмет Коч билдирди. 

Анын айтуусунда, Трамп биринчи кезекте АКШнын экономикалык пайдасы үчүн күрөшүүдө. 

«Демек, АКШ Иран менен болгон чыр-чатакты экономикалык жактан пайда көрүү үчүн пайдаланууда. Бул АКШга узак убакыт глобалдык гегомонияны сактап калууга шарт түзөт», — деди Коч. 

Координатордун пикиринде, ЕБ, Россия жана Кытай АКШнын санкцияларынан жабыр тартып калышкан. 

«ЕБ жана Кытайдын АКШ менен товар жүгүртүүсүнүн көлөмүн эске алып, бир дагы тарап Иран үчүн чоң жоготууга барбай тургандыгын түшүнсө болот. Мындан тышкары бул өлкөлөр Иран менен түзүлгөн кырдаалды АКШ менен сүйлөшүүдө кырдаалды өздөрүнүн пайдасы үчүн колдонушу мүмкүн», — деди Коч. 

 IRAMдын кызматкери тараптар өздөрү үчүн өтө кымбатка түшө турган согушка кызыкчылыгы жок.  «Анткен менен Ирансанкциянын натыйжалуулугун төмөндөтүү үчүн кырдаалды курчутууга умтулат. Бул үчүн Иран душмандын эң аялуу жерине басым жасоону колдонот. Трамп болсо санкция саясатын улантып жатпайбы», — деди Коч. 

Анын айтуусунда, Иран менен АКШнын ортосунда болуп кетиши мүмкүн болуп турган согуш Түркиянын коопсуздугу менен аймактык бүтүндүгүнө коркунуч жаратышы мүмкүн.

 «ЕБ, Россия жана Кытай Иранды ядролук келишимден чыкпоо үчүн көндүрүүгө баардыгын жасайт. Эгер бул аракеттер Тегерандын экономикалык көйгөйлөрүн чечүүгө жардам бербесе, кризис тереңдеши гана мүмкүн», — деди Коч. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз