Япониянын Осака шаарында өтүп жаткан G-20 саммитинин алкагында Түркия жана АКШ президенттеринин жолугушуусу болду.
Түркия АКШ менен болгон мамилесинде тилектештикти сактап калууну көздөөдө.
Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган G20 саммитинин алкагында АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуу алдында билдирди.
«Эң оболу бизди стратегиялык өнөктөштүк бириктирип турат. Андыктан ал биздин ар кайсы тармактардагы кызматташтыктарыбызды көркүнө чыгарып турат. Биздин мамилелерибиздеги тилектештик ушундай алкакта улана берерине ишенем», — деди Эрдоган.
Эрдоган менен жолугушууга чейин Трамп журналисттерге Түркиянын россиялык ЗРК С-400дү алышы тууралуу суроого түшүндүрмө берген.
«Президент Эрдоган Обаманын президенттиги учурунда Patriot ЗРКны алгысы келген, бирок ага баш тартып коюшкан. Обаманын администрациясы Түркияга адилет мамиле кылбай койгон. С-400дү алуу маселеси — адашкан тема. Биз жагдайды чечүүнүн ар кандай жолдорун караштыруудабыз жана ал Түркияга карата адилет болууга тийиш», — деди Трамп.
Президент Түркия НАТОнун мүчөсү, АКШнын досу жана ири соода өнөктөшү болуп саналарын белгиледи.
«Түркия – биздин досубуз, биз биргеликте көп ийгиликтерге жетиштик, биз эң оболу соода өнөктөштөрбүз жана биз мындан ары да соода-сатыгыбызды күчөтөбүз. Азыркы учурда соода жүгүртүү 75 миллиард долларды түзөт. Бул өтө аз. Аны 100 миллиард доллардан ашырышыбыз керек», — деди Трамп.
Анын айтуусунда, Түркия менен АКШнын мамилеси күн сайын өнүгүүдө.
«Биз сооданы төрт эсеге жогорулатууга ниеттенүүдөбүз. Биздин мамилелерибиз аскердик формада да өнүгүүдө. Биз АКШдан көптөгөн аскерди сатып алууларды [Түркия] күтөбүз», — деди Трамп.
Президент ошондой эле Түркияга баруу ниетин билдирди, бирок так датасын атаган жок.
Эрдоган АКШ менен мамилелерде мындан аркы да тилектештикке ишенет
Түркия АКШ менен мамилелерде тиелектештикти сактап калууга умтулат. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Осакадагы G20 саммитинин алкагында АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуу алдында билдирди.
Президент алдыдагы Трмап менен жолугушуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
«Эки өлкөнүн ортосундагы азыр 75 миллиард доллар суммадагы товар жүгүртүү өсүү жолунда баратат. Эң оболу бизди стратегиялык өнөктөштүк бириктирет. Андыктан ал биздин ар кайсы тармактардагы мамилелерибизге дем берип турат. Биздин бул тиелектештигибиз ушул багытта улана берерине ишенем», — деди Эрдоган.
G20 саммити 28-29-июнь күндөрү Осакада өтүүдө.