Аталган бала бакчанын курулуш иштери Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан жүргүзүлүүдө. Объект 2022-жылы башталган жана республикалык бюджеттен каржыланууда. Куруу иштерин «Сириус Строй» ЖЧКсы жүргүзүүдө.
«Бала бакча эки кабаттан турат жана 947 чарчы метр аянтты ээлейт. Бүгүнкү күндө курулуш-монтаждоо иштери дээрлик аяктап калды, үстүбүздөгү жылы пайдаланууга тапшыруу пландалууда», — деп айтылат маалыматта.