Чүй районундагы жаңы мектептин курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Күн мурун Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу жана Жогорку Кеңештин вице-спикери Жамилия Исаева мектептин курулушун жеринде текшеришти.
Мектеп эки кабаттуу 225 окуучуга ылайыкталган окуу корпустун аянты 1 455 чарчы метрди түзөт. Объекттин курулушу 2019-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланган.
Учурда айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Үстүбүздөгү жылы пайдаланууга берүү пландалууда.