2024-жылдын январь-июнь айына карата республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары Жалал-Абад облусунун жергиликтүү бюджеттерине 1 млрд 91 млн 800 миң сом акча каражаты каржыланган.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, алар:
- Теңдөөчү трансферттер – 203,9 млн сомго каржыланган;
- КР бийик тоолуу жана алыс зоналарында жашаган абоненттерге керектелген электр энергиясы үчүн компенсация төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык, 50 пайыз компенсация төлөөгө – 16,4 млн сом каржыланган;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (статисттин эмгек акысы) – 13,2 млн сомго каржыланган;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (МКК эмгек акысы) – 7 млн сомго каржыланган;
- Жалал-Абад облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен — 119,7 млн сом каржыланган;
- Жалал-Абад шаарынын өнүктүрүүгө — 487,3 млн сом;
- Таш-Көмүр шаарын өнүктүрүүгө — 100 млн сом;
- Токтогул шаарын өнүктүрүүгө — 50 млн сом;
- Кара-Көл шаарын өнүктүрүүгө — 20 млн сом;
- Кербен шаарын өнүктүрүүгө — 5 млн сом.