Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Бөкөнбаев айылында 3-августта «Салбуурун» фестивалы өтөт.
«Салбуурун» федерациясынан билдиришкендей, маданий иш-чара саат 10:00дө башталып, 16:00гө чейин уланат.
Фестиваль төмөндөгүдөй программа менен коштолот:
- алгыр куштардын көргөзмөсү (бүрк, шумкар);
- бүркүт жана шумкардын аңчылык өнөрүн көрсөтүү;
- салттуу жаалардын жана мергенчилик кубоктордун көргөзмөсү;
- чебер жаачылардын аткаруусу;
- кыргыз тайганынын көргөзмөсү (шоу);
- сүрөтчүлөр жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү;
- коноктор арасында жаа атуу боюнча мелдеш;
- байге ээлерин сыйлоо;
- фольклордук концерт.
Кирүү акысы – 500 сом, ал эми түштөнүү – 700 сом.