Воскресенье, 8 сентября

Кыргызстанда жыл башынан тарта 311 сел кырсыгы катталды

0

Кыргызстандын аймагында жыл башынан бери 311 сел кырсыгы катталды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, бул өткөн жылдагы сел кырсыктарына салыштырмалуу 50%га көптүк кылат.

«Сел кырсыктарынан улам келтирилген материалдык чыгым 1,1 млрд сомду түзүүдө. Ал эми Ош шаарында, Ош облусунда жана Базар-Коргон районундагы акыркы селдеги чыгымдарды кошконго жалпы көлөм мындан дагы көп болушу мүмкүн», — деди ал.

Мамбетов белгилегендей, өз кезегинде Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондоруна, Баткен облусунун Лейлек, Кадамжай, Баткен райондоруна, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Сузак, Аксы райондоруна, Талас облусунун Талас районуна өзгөчө кырдаалдар режими киргизилип, кесепеттери жоюлгандан кийин режим алынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз