Воскресенье, 8 сентября

Дүйнөдө ар бир 11 кишиден 1и ачка

0

2023-жылы 733 миллион адамдын ачарчылыкка туш болгону кабарланды.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP), Эл аралык айыл чарбаны өнүктүрүү фонду (IFAD), Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) биргеликте даярдаган “Дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу” отчету жарыяланды.

Отчетто өткөн жылы дүйнөдө 713 миллиондон 757 миллионго чейин адамдын жетишсиз тамактанганы, орто эсеп менен 733 миллион кишинин ачарчылыкка туш болгону, дүйнөдө ар бир 11 кишиден 1инин ачарчылык менен күрөшкөндүгү баса белгиленди.

Дүйнө жүзү боюнча көптөгөн адамдардын азык-түлүк коопсуздугу жана жетишсиз тамактануу менен күрөшүп жатканы айтылган отчетто, Азия континентинин батышында, Кариб аймагында жана Африканын түштүгүндө 2022-жылдан 2023-жылга чейин көпчүлүк аймактарда ачарчылыктын деңгээли жогорулаганы кабарланды.

Отчетто ачарчылык менен күрөшкөн калктын көрсөткүчүнүн Африкада 20,4 пайызга жеткени, Түштүк Америкада бул көрсөткүчтүн азайып, Азияда болсо туруктуу экени маалымдалды.

2030-жылы болжол менен 582 миллион адамдын өнөкөт түрдө жетишсиз тамактанаары жана бул адамдардын дээрлик жарымынын Африкада жашай турганы билдирилген отчетто, бир адамдын жашоосун улантуусу үчүн зарыл болгон орточо тамак-ашка жетүүсүнүн миллиарддаган адамдар үчүн дагы деле кыйын экени баса белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз