Воскресенье, 8 сентября

Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

0

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын жүрүшүндө КМШ өлкөлөрүнүн биринде жашыруун теракт уюштурууга даярданган деп шектелген Н.Р. аттуу кыргыз жараны, эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Кармалган жарандын “Telegram” мессенжериндеги жашыруун аккаунттар аркылуу жасаган бардык аракеттери террористтик уюмдардын биринин эмиссарлары тарабынан координацияланганы аныкталды. Бул кылмышты ишке ашырууга аракет кылганга чейин Н.Р. эл аралык террордук уюмдун жетекчисине ант берген.

Аталган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР УКМК өнөктөш атайын кызматтар менен биргеликте террористтик топтун башка катышуучуларына карата тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз