Пятница, 20 сентября

ЖОЖдорго кабыл алуунун III туру башталды

0

Кыргызстанда бүгүн, 29-июлда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоонун 3-туруна арыздарды кабыл алуу башталды.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, арыздарды кабыл алуу 31-июль саат 14:00гө чейин жүргүзүлөт.

ЖОЖдорго кабыл алуунун I жана II турунда жалпы 44 миң 438 талон катталып, анын ичинен бюджеттик негизде окууга – 16 миң 402, контрактык негизде окууга – 28 миң 36 талон түштү.

II турдун жыйынтыгы менен ЖОЖдорго 20 миң 342 абитурент кабыл алынды.

Ушул тапта эң көп абитуриент кабыл алынган ЖОЖдор:

  • Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 3552,
  • Ош мамлекеттик университети – 2951,
  • И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 2565,
  • И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – 1502,
  • Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети – 1470,
  • К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети – 1380,
  • И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – 836.

Эскерте кетсек, 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” автоматташтрылган  маалыматтык системасы аркылуу V тур менен жүргүзүлөт. Кабыл алуу графиктери менен таанышуу үчүн шилтемеге кириңиз.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз