Пятница, 20 сентября

Улуттук банк 48,1 млн доллар сатып алды

0

Кыргызстандын Улуттук банкы 26-июлда тескери интервенция жасап, валюта рыногунан 48 млн 100 миң АКШ долларын сатып алды. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалды.

Ошентип, Улуттук банк бүтүмдүн датасы боюнча эсептешүүлөр менен 20 млн доллар жана бүтүмдүн датасынан башка дагы 21,1 млн доллар сатып алган.

Бул жыл башынан бери чет элдик валютаны сатып алуу боюнча 12-интервенция.

Азыркы учурда доллардын расмий курсу төмөндөп жатат, 30-июлга карата 1 доллар — 84 сом 3 тыйын, ал эми евро — 91 сом 2 тыйынды түзүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз