Пятница, 20 сентября

Кылкандуу дан өсүмдүктөрдүн 41,5%ы жыйналды

0

Кыргызстанда кылкандуу дан өсүмдүктөрдүн 41,5%ы оруп жыйналды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштери Нарын, Ысык-Көл облустарынан башка аймактарда кызуу жүрүүдө. Жалпы республика боюнча 886 комбайн иштеп жатат.

Кылкандуу дан эгиндеринин 203,1 миң га, же 41,5 % жыйналып алынып, орточо түшүмдүүлүгү — 28,6 ц/га түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 13,6 центнерге көп. Жалпы дүң түшүмү бункердик салмак менен алганда 581,2 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга караганда 279 миң тоннага көп топтолду.

  • Буудайды жыйноо иштери 101,9 миң га аянтта жүргүзүлүп, 42,2 % жыйналды. Орточо түшүмдүүлүгү – 30,5 ц/га, былтыркы жылга караганда 12,5 ц/га көп. Түшүмдүүлүк Баткен, Жалал-Абад, Чүй облустарында 33,5-35,0 ц/га болууда;
  • Арпа 101,2 миң га аянтта жыйналды, же жалпы аянттын 40,6 % түздү. Өткөн жылга салыштырганда 1,6 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүк — 26,8 ц/га түзүп, балтыркыдан 16,3 ц/га көп. Дүң түшүм – 270,7 миң тонна топтолуп, былтыркы жылдын деңгээлинен 120,7 миң тоннага көп болду. Арпанын эң жакшы түшүмдүүлүгү Чүй, Талас облустарында гектарынан 28,2 центнерден алынууда.
  • Картошканын түшүмүн да жыйноо кызуу жүрүүдө. Жалпы 66,4 миң га аянттын 6,4 миң га же 9,7 % казылып алынып, орто түшүмдүүлүк 166,3 ц/га түзүп, өткөн жылдан 4,8 ц/га көп болууда. Дүң жыйым 106,9 миң тоннаны түздү.

Ал эми Чүй облусунун картөшкө өстүргөн дыйкандары гектарынан 183,0 центнерден түшүм алышууда.

Быйыл жашылча өндүрүүчүлөр жакшы жыйынтыктарга жетишип, дүң жыйымы 292,2 миң тоннаны түздү. 2023-жылга карата 39,5 миң тоннага көп жыйналды.

Ошондой эле, бахча өстүрүүчүлөр да анын дүң жыйымы 126,9 миң тоннага жетти, же өткөн жылдан 29 миң тоннага көп чогулду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз