Суббота, 14 сентября

Орусияда YouTube сайтына кирүүгө чектөө коюлду

0

Орусияда YouTube сайтына кирүүгө чектөө коюлуп, сайттагы видеолорго кирүү толугу менен жабылганы да айтылууда.

Downdetector маалыматтарына ылайык, Орусиядагы колдонуучулар бүгүн эртең менен YouTube’га кирүүдө көйгөйлөргө туш болуп жатканын кабарлай башташты.

Кээ бир колдонуучулар уюлдук телефондорунан YouTube’га кирүү басаңдап калганын айтышса, сайттагы видеолор компьютер сыяктуу башка түзмөктөрдөн жүктөлбөй калганын айтышат.

Президенттик сарайынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул темага байланыштуу билдирүүсүндө: «Эч нерсе айта албайм, телефон нормалдуу иштеп жатат. Баары жүктөлүүдө»,-деди.

Орус парламентинин төмөнкү палатасы — Думанын Маалымат саясаты боюнча комитетинин төрагасы Александр Хинштейн 26-июлдагы билдирүүсүндө, Орусияга болгон мамилесинен улам YouTube сайтынын ылдамдыгы 70 пайызга төмөндөйт деп билдирген.

Буга чейин Орусияда Facebook, X жана Instagram сыяктуу сайттарга кирүүгө тыюу салынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз