Бишкек шаарында, бүгүн, 2-августтан тарта №118 муниципалдык автобус каттамы иштеп баштайт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, автобустун акыркы аялдамалары Бакай-Ата конушунда жана Жал айылында жайгашат. Күн сайын каттамга 25 бирдик автобус чыгат. Аралыгы 10 мүнөттү түзөт.
Белгилей кетсек, аталган автобус каттамы шаардыктардын кайрылууларынын негизинде ачылды.