Вторник, 26 ноября

Жылдын башынан тарта 80 млн кВт/саат электр энергиясы керектелди

0

 Кыргызстанда 6 айдын ичинде 9 млрд 80 млн кВт/саат электр энергиясы керектелди. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, керектелген электр энергиясынын 6,2 млрд кВт/сааты ГЭСтерден, ал эми 870 млн кВт/сааты Бишкек ЖЭБинен өндүрүлдү.

“2 млрд 200 млн кВт/сааты импорттолду. Россиядан 909 млн кВт/саат, Түркмөнстандан 837 млн кВт/саат, Өзбекстандан 275 млн кВт/саат электр энергиясы алынды”, — деди министр.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз